Жергиликтүү кеңештерге депутаттар кандай шайланат?
2024-жылдын 17-ноябрында жаңы беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо ѳткѳрүлѳт.
Шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо пропорционалдык система боюнча өтөт. Бул сиз талапкерлердин тизмесин көрсөткөн партияга добуш бересиз дегенди билдирет.
Айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо мажоритардык система боюнча өткөрүлөт. Добуштардын көпчүлүгүн алган талапкерлер шайланды деп эсептелет.
Катталган жери боюнча добуш бере албагандар үчүн аралыктагы шайлоо участкасында добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар.
Аралыктан добуш берүү боюнча маалыматты 1255 телефону аркылуу алса болот. ТАТЫКТУУЛАРДЫ ТАНДОО МЕНЕН ӨНҮГҮҮНҮ ТАНДАЙБЫЗ!