Урматтуу айыл аймактын тургундары жана балдар!
Жай мезгилинин келиши менен күн ысып сууга түшүү мезгили башталат, бирок адам өмүрүнө коркунуч жараткан кооптуу жана уруксат берилбеген жерде сууга түшүүгө болбойт экендигин билдиребиз!
Айыл аймакта жайгашкан көлмө , суу жээктерди кыдыруу, байкоо жүргүзүү жана “сууга түшүүгө болбойт” деген такталарды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө жана ошондой эле, айыл аймакка караган бөлүктөргө “Сууга түшүүгө тыюу салынат” деген эскертүү баннер жайгаштырылды.