Сайдыкум айыл өкмөтү ички резервине кирүү үчүн конкурс жарыялайт!
Ички кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериш керек.
1. административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн;
– жогорку же орто кесиптик билими (ар кандай профилдеги)
– иш стажына талаптар жок;
2. административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн;
– жогорку билим (башка профилдеги)
– мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдан кем эмес иш стажы;
3. администрациялык кызмат орундарынын башкы тобуна;
– жогорку билим (башка профилдеги)
– мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызматта жалпысынан бир жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3-жылдан кем эмес иш стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5-жылдан кем эмес иш стажы.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат,алар тез тигүүчүгө тигилет (дело №)
– муниципалдык кызматтын тобун көрсөтүү менен жеке арызы;
– резюме (электрондук почта менен)
– өмүр баян(соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен)
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо)тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
– нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү(иш стажы бар болсо)
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо)
– паспорт көчүрмөсү
Эскертүү; Ачык сынакка андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга жооп берген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так болушу керек.
Документтер 2023-жылдын 26-сентябрь 06-октябрь саат 17:30 га чейин Сайдыкум айыл өкмөтү, Кызыл-Ай айылы,С.Досов көчөсү №151-б дареги боюнча кабыл алынат.
Кошумча маалымат үчүн: тел 0708972331, 0997325282 электрондук адрес : kyzylay@bk.ru