САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ

САЙДЫКУМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 2022-2026 ЖЫЛДАРГА КАРАТА СОЦИАЛДЫК- ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮ ПРОГРАММАСЫ

Мазмуну

КИРИШҮҮ..

1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар.

2. Сайдыкум  айыл аймагы тууралуу кыскача маалымат.

3. Учурдагы кырдаалды талдоо боюнча анализ:

4. Программанын максаты

5. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары (чакан программалар).

Тиркемелер

 Сайдыкум   айыл аймагынын 2023-2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасын ишке ашыруу планы..

 Сайдыкум  айыл  аймагынын  2023-2025-жылга  карата  социалдык-экономикалык  өнүгүү  программасынын бюджети.

КИРИШҮҮ

Урматтуу Сайдыкум айыл аймагынын тургундары!

Биздин айыл аймагыбыздын өнүгүп-өсүшү үчүн ар бир жашоочубуздун салымы болушу керек. Өсүп келе жаткан жаштарга үлгү көргөзүү ар бирибиздин милдетибиз. Келечекте айылыбыз ар тараптуу өнүгүп, алдыңкы орундуктарга чыгышына болгон аракетибизди жумшашыбыз керек.

“Өнүккөн айыл – өлкөнүн жүзү” демекчи социалдык-экономикалык жактан өсүш болуш үчүн ишкерлерди колдоо, жумушчу орундарын түзүү, инфрастурктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу жана ишке ашыруу, илим-билимге басым жасоо, калктын бардык катмарын, анын ичинде аялдардын, жаштардын, жаш курактагы балдардын өнүгүүсүнө жана  тарбиялануусуна көңүл буруу, туризм тармагын өнүктүрүү жана шарттарын түзүү, спорт, маданият, ден-соолук ж.б. көп тармактуу иштерди алдыга жылдыруу болуп саналат.

Айылыбызда профессорлор, илимий кандидаттар, социалисттик эмгектин баатырлары, министрлер чыгармачыл адамдар көп саналат. Азыркы өсүп келе жаткан жаштарыбызды  улуулардан үлгү алып, мекенчил болуп айылы, мамлекети үчүн иштей турган инсандардан чыгышына  себепчи болушубуз керек.

Социалдык-экономикалык өнүгүү  программасы –  айыл аймактын өнүгүүсүнүн аныктаган жумушчу документи болуп саналат. Себеби ал өзүнө айыл ичинде жүргүзүлүүчү иш-аракеттерди, алардын ар тараптуулугун жана өнүгүүнүн жаңы кадамдарын өзүнө камтыйт. Сайдыкум айыл аймагынын өнүгүү программасы – айыл аймактын тургундарынын бардык катмарынын кызыкчылыктарын, жашоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жазылган, коомчулуктун бардык чөйрөлөрүн, ири инвесторлорду, сырттан келген долбоорлорду, бизнес адамдарын ж.б. көңүлүн бура алган, жалпы элге  түшүнүктүү, так жана маңыздуу болгон көп жылдык документ.

Бул программа Сайдыкум айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен түзүлгөн жумушчу топ Сайдыкум айыл аймагынын калкынын гендердик аспектерин эске алуу менен социалдык топторунун муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын аныктоо менен айыл аймактын 2023-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын иштеп чыкты.

Жумушчу топтун курамы:

Ф.А.А.Ээлеген кызматы
1Абдурасулов Майрамбек МиталовичАйыл өкмөт башчысы
2Раманова Дамира КочкорбаевнаЖооптуу катчы
3Инаятова Жийдегул СатыбалдиевнаАйылдык кеңештин жооптуу катчысы
4Мусакеев Канатбек РустамалиевичФЭБ башчысы
5Аскаров Дуулатбек МаксатбековичВет.адис
6Маматсаева АлимаАйылдык кеңешинин төрагасынын орун басары
7Жолдошова ОктомханАйылдык кеңештин депутаты

Социалдык жана гендердик аспекттер эске алынды жана жумушчу топтун курамына төмөнкү өкүлдөрдү камтыды: айылдык кеңешинин депутаттары, жергиликтүү коомчулуктун жана жаштардын өкүлдөрү жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери.

1. СЭӨП иштеп чыгууда ченемдик-укуктук актылар

Сайдыкум айыл өкмөтү,  айыл аймактын  социалдык-экономикалык өнүгүү планын (мындан ары – СЭӨП) иштеп чыгууда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесинин, жергиликтүү кеңеш, жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитээри белгиленген. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБО жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык (34, 51 беренелери) ЖӨБ аткаруучу органы аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын долбоорун иштеп чыгат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин анын аткарылышын камсыз кылат. КР Бюджеттик Кодексинин Жоболоруна ылайык, ЖӨБО тарабынан белгилүү бир милдетти каржылоонун негизи болуп, ошол аймактын СЭӨП эсептелет. Аймактын СЭӨП иштеп чыгуунун укуктук негиздерин төмөндөгүлөр түзөт:

  1. КР Конституциясы;
  2. КР Бюджеттик Кодекси;
  3. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБО” жөнүндө Мыйзамы;
  4. КР финансы министрлигинин 2018-жыдын 17-апрелиндеги № 44 буйругу;
  5. Жергиликтүү жамааттын Уставы;
  6. Экономика министрлигинин № 63-А буйругу дата менен бекитилген Колдонмо. 

     Сайдыкум айыл аймагынын 2023-2025-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасы – Сайдыкум айылдык кеңешинин жана  Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бекитилген милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашырууга багытталган,  аткаруучулар жана ресурстар боюнча өз ара байланышкан, пландалган иш-чаралардын комплексин камтыган жана тиешелүү тармактарда приоритеттүү максаттарга жетүү үчүн өнүгүүнүн багытын, мүмкүнчүлүктөрүн, артыкчылыктарын, көйгөйлүү тармактарды камтыган документ.   

2.         САЙДЫКУМ  АЙЫЛ АЙМАГЫ ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ

Географиялык өзгөчөлүктөрү:

Жалпы  аймактын  аянты – 10709,0 га

Райондун  борборуна  чейинки  аралык – 6,0 км

Облустун  борборуна  чейинки  аралык – 40,0 км

Айыл аймактын курамына  кирген  айылдар: Тойчубек-Чек, Кызыл-Ай, Аркалык, Жаш-Ленин, Чон-Курулуш, Турпак-Коргон, Дош, Сейдыкум, Чек, Жаны-Абад, Хажир-Абад, Дукур.

Учурда айыл аймакта 20219 адам жашайт. Шайлоочулардын саны 10250 адамды түзөт. Айылдыктардын негизги киреше булагы айыл чарбасы, анын ичинен мал чарбачылыгы болуп эсептелет.

Социалдык – демографиялык маалымдамалар:

Аталышы202020212022
Калктын саны2001720194 
үй кожолуктары348540124646
Жынысы:   
Эркектер1012610203 
Аялдар98919991 
Курагыэркекаялэркекаялэркекаял
  0 -18 жашка чейинки өспүрүмдөрдүн  саны  4610450546154528
         Эмгекке жарамдуулар  5936597759405939
70 жаш жана андан жогору  506613510617
Улгайган жалгыз бой адамдар  712511
Пенсионерлер              401886412890
1-группадагы майыптар  1158011782
2-группадагы майыптар  9710495107
3-группадагы майыптар  1059010892
         18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны  35413743
Жөлөк пул алгандар  37563759
Томолой жетимдер  1212
Жарым жетим балдар  38343836
Соц.жетим балдар      
Камкордука алынган балдардын саны  2 2 
Мед.жардамга муктаждар      
Өтө жакыр адамдардын саны    11421135
Мектеп окуучулары  14911490  
Бала бакчада тарбиялануучулар73777080182168
Чернобыль АЭСнин апаатына катышкандар      
Афган согушунун катышуучулары20 18 1616
Баткен коогалаңына катышкандардын  саны26 25 2424
Баатыр энелер   

Ресурстар боюнча маалымат:

 АталышыСаны (га)
 Жер аянттары жалпы: 13156
 анын ичинен: айыл чарба багытындагы жерлер3894
 анын ичинен: айдоо жер аянты 
 анын ичинен: сугат3894
 анын ичинен: кайрак101
 анын ичинен: дыйкан чарбаларында 
 Мамлекеттик менчикте 
 Мамлекетке караштуу жерлер 
 Калктуу конуштардын жерлери614
 Коммуналдык менчикте 
 КБФнын жерлери595
 Жайыт жерлери3707

Муниципалдык инфраструктура объекттери:

АталышыСаны
1А/Ө имараты 1
2Мектептер (саны )8
3Бала-бакча4
4Оорукана3
5Клуб2
6Спорт аянтчасы4
7Китепкана1
8Дүкөндөр34
ММончо6
 Май куюучу жай1
 Муниципалдык ишкана3

Аймактын административдик структурасы: АК депутаттарынын саны – 31 киши, анын ичинен 12 аял. АӨ аппараты 32 адам, анын ичинен 11 аял.

Коомдук уюмдар:

1Аксакалдар соту1
2Карыялар кеңеши1
3Аялдар кеңеши1
4Жаштар уюму1
6Коомдук бирикме1
7“Тазалык” муниципалдык ишканасы1

Калктын керектөөлөрүн программада эске алуу:

2022-жылдын июнь айында  айыл аймакта жашоочуларынын, анын ичинде аялдардын, кыздардын, жаштардын, аталардын  катышуусу менен  5 фокус топ өткөрүлдү.  Иш чараларга айылдын ар бир социалдык катмарынын өкүлдөрү жаш курактары боюнча катышты. Жалпы катышуучулардын саны 80 адам, аялдардын саны 36 болду. Жалпы анкетирлөөгө 120 адам катышты. Изилдөөнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй артыкчылыктуу көйгөйлөр аныкталды.

Артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн аталышыКөйгөйгө тиешелүү айылдын (кварталдын көчөнүн) аталыштары
 Айыл аймактагы таза суунун жетишсиздиги: 40%
 Ички жолдордун начар абалы жана тротуарлардын жоктугу:Хажир-Абад, Турпак-Коргон, Дош айылдарында көчөлөр
 Мектепке чейинки балдардын билим алуусуна шарттардын жетишсиздигиХажир-Абад  айылы  
 Айыл ичиндеги таштанды таштоочу жайды айылдан алыс жерге көчүрүү маселесиХажир-Абад, Турпак-Коргон, Дош айылдарында айылы  
 Эгин оорууга комбайндын жетишсиздигиХажир-Абад, Турпак-Коргон, Дош айылдарында
 Спорт менен машыгууга шарттын жетишсиздигиЧон-Курулуш, Хажир-Абад, Турпак-Коргон, Дош айылдарында
 Түнкү жарыктандыруунун жетишсиздигиЧон-Курулуш, Хажир-Абад, Турпак-Коргон, Дош айылдарында
 Айыл өкмөтүнө калкка кызмат көрсөтүүсү үчүн шарттын жетишсиздигиАӨнүн аппараты
 Денени гигиенасын сактоого шарттын жетишсиздиги:Кызыл-Ай айылы
 Жашылдандыруу маселесиКызыл-Ай айылы
МКошумча кружоктордун жана секциялардын балдар, кыздар үчүн жетишсиздигиКызыл-Ай, Чон-Курулуш, Хажир-Абад, Турпак-Коргон, Дош айылдарында
 Унаа жуучу жайдын  жоктугу:Сайдыкум айыл аймагы
 Май куюучу жайдын жоктугуСайдыкум айыл аймагы
 Ооруканага жаш кадрлардын жетишсиздиги:Сайдыкум айыл аймагы
 Кенже курактагы балдарга ойноо аянтчасынын жетишсиздигиСайдыкум айыл аймагы
 Мектепте сапаттуу билим алууга шарттын жетишсиздигиСайдыкум айыл аймагы
 Ата-энени кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча иш аракеттердин жетишсиздигиСайдыкум айыл аймагы
 Маданий, массалык иш чараларга калктын бардык катмарынын, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жетишээрлик тартылбагандыгыСайдыкум айыл аймагы

Жергиликтүү бюджет

2021-2022-жылга карата бюджетти салыштыруу

                            Кирешелердин аталышы2021-жыл факт2022-жыл Факт (9ай )Өзгөрүү (+,-)
Жалпы кирешелер   
Салык агенти төлөгөн киреше салыгы4312,86394,8+2082
Чакан ишкердиктин субьектилери учүн бирдиктүү салык0602,4+602,4
Милдеттүү патенттөө негизиндеги салыгы8,05,2-2,8
Ыктыярдуу негиздеги патенттөө салыгы380,9384,1+3,2
Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн2,636,4+33,8
Жеке адамдардын транспорт  каражатына салык977,81117,0+139,2
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы331,7378,0+46,3
Айыл чарба багытындагы жер салыгы1831,3334,6-1496,7
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы149,7236,3+86,6
Сатуудан түшкөн салык300,0130,2-169,8
Роялти13,77,9-5,8
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө үчүн25,312,9-13,3
Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы312,7500,0+187,3
Жайыт ижарасы үчун акы234,0223,6-10,4
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы1430,11976,1+546
Муниципалдык менчиктеги мүлк39,733,6-6,1
Башка кирешелер57,67,8-49,8
Атайын каражаттар320,0865,0+545
Административтик штрафтар
Активдер жана милдеттенмелер
Толуктоочу грант5115,24894,4-220,8
Кирешелердин жыйынтыгы15840,518140,4+2299,9
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр11260,610960,2-300,4
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду147,578,8-68,7
Коргонуу
Айыл чарбачы
Жайыт комитет118,1153,2+35,1
Комуналдык чарба
Маданият237,4501,6+264,2
Билим берүү1529,63598,7+2069,1
Социалдык коргоо
Чыгашалар жыйынтыгы13293,215292,5+1999,3

Жалпы киреше бөлүгүнүн 2021-жылдан 2022-жылга салыштырмалуу 9 айдын жыйынтыгы менен 2299,9 миң сомго жогорулады. Бул көрсөткүчтөр 9айдын гана жыйынтыгы менен эсептелип жатат.Жыл аягына чейин дагы өзгөрөт. Бюджетти толтурууда  жер салыгын көтөрүү жана кайрак иштелбей турган жерлерге суу чыгарып аукцион аркылуу арендага берүү ж.б. иш аракеттер пландалууда.

3.         Социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жалпы максаты

Үч жылдан кийин айылдык аймак төмөнкүдөй болот: социалдык-коммуналдык инфраструктурасы оңолот, аймак тургундар үчүн бардык  шарты бар,  жашоого ынгайлуу,  жагымдуу жана коопсуз айылдык аймакка айланат. Экономикасы, өнөр жайды өнүктүрүүгө шарт түзүүгө, мал чарбачылыктын асылдуулугун өстүрүүгө жана дыйканчылыкта жаңы технологияларга колдонууга  багытталат.  Жаштар билимдүү, дени сак, мекенчил духта тарбияланат, калктын маданияттуулугун жогорулайт, бош убактысын туура пайдаланышат жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга активдүү катышат.

4. УЧУРДАГЫ КЫРДААЛДЫ ТАЛДОО БОЮНЧА АНАЛИЗ

  1. Пландоо, башкаруу жана администрациялоо

Сайдыкум айыл өкмөтүндө жалпысынан 32 кызматкер эмгектенет, анын ичинен аялдар 11. Алардын ичинен 18 кызматкер жогорку билимдүү, ал эми калган 14 кызматкер атайын орто билимдүү. Сайдыкум айыл өкмөтүнүн бардык кызматкерлери кеңсе техникалары, интернет жана жылуу имарат менен камсыз болгон. Бирок Сайдыкум айыл өкмөтүнүн имараты эски жана кабинеттери кичирээк. Бир кабинетте  ар тармактуу 3-4 кызматкерлер отурушат, жарандарды кабыл алууда ыңгайсыздык жаралат. Элге кызмат кылуу максатында айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жетишээрлик деңгээлде шарттарды түзүп, заманбап жабдуулар жана эмеректер менен камсыз кылуу. Калк менен айыл өкмөтүнүн ортосундагы бирин-бири түшүнүү иштерин жакшы жолго коюу. Айыл өкмөтүндө иштөө шарттарын жакшыртып, кызматкерлер эл менен тыгыз иштешип, айыл тургундарынын айыл өкмөтүнө болгон ишенимиң арттыруу. Ошондой эле, айыл өкмөтүнүн муниципал-дык адмиңистрациялык имаратынын сакталышын катуу көзөмөлгө алуу менен шаар тибиндеги администрациялык имараттар сыңары заманбап курулмалар менен жабдылат.    

 Жылына жалпы жонунан 2-3 кызматкер квалификациясын жогорулатуу максатында кайра окутуудан өтүп турушат. Учурда айлык акы көбөйүп ар кайсыл тармак боюнча ички резервдик кадрлар көбөйүүдө.

Андан тышкары учурда “Санарип аймак” аркылуу калкка кызмат көрсөтүүнү уюштурулуп иштелип жатат. Болгон маалыматтарды алуу оңойлошту. Бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнө электрик, спорт тармагын тейлөөчү кызматкерлер жетишпей турат.

          Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын саны – 31 адам, анын ичинен аялдардын саны –  12.

Пландоо жана башкаруудагы негизги көйгөйлөр:

  • Калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуудагы шарттын жетишсиздиги;
  • Кадрлардын жетишсиздиги;
  • Калктын ЖӨБ органдарына ишенимдин жана байланыштын жетишсиздиги

Пландоо жана башкаруудагы негизги көйгөйлөр:

  • Калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуудагы шарттын жетишсиздиги;
  • Кадрлардын жетишсиздиги;
  • Калктын ЖӨБ органдарына ишенимдин жана байланыштын жетишсиздиги;
  • Жергиликтүү бюджеттердин жетишсиздиги (бюджеттин 50% га жакыны жергиликтүү администрациянын иштешин/эмгек акысын, ошондой эле (мектептерди жана башка муниципалдык имараттарды)күтүүгө алдын ала “сарпталган”
  • СЭӨПко киргизилген инклюзивдүү өсүү чаралары үчүн финансылык стимулдардын жоктугу.

Башкарууну жана жергиликтүү бюджетти көбөйтүү үчүн чаралар:

Максат: Сайдыкум айылдык аймагынын кызматкерлеринин эмгектенүүсүнө жогорку деңгээлде шарт түзүп берүү аркылуу ЖӨБ органдарынын тургундарга  кызмат көрсөтүүсүнүн сапатын жогорулатуу. Айылдык аймактын социалдык-экономикалык маселелерин чечүүдө жарандардын активдүүлүгүн, маалымдуулугун жогорулатуу.

Тапшырмалар:

  1. Сайдыкум айылдык аймагынын 25%га жакын жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катыштыруу.
  2. ЖӨБ органдарынын калкка кызмат көрсөтүүсүнө шарт түзүү.
  3. АӨ кызматкерлеринин дараметин жогорулатуу жана кызматтык иш алып барууга шарттарды  түзүү.
  4. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн 15%га жогорулатуу
  5. Санарип аймакты толук кандуу иштетүү

Күтүлгөн жыйынтыктар/ көрсөткүчтөр

30% га жакын жарандар ЖӨБгө катышат. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жылына 3 төн кем эмес демилгелер колдоого алынат. 30% калк маалыматка ээ болот. ЖӨБ органдарына шарт түзүлөт. АӨ аталыштары жазылган аталыштар жаңыланат. АӨ Аппарат кызматкерлери офистик эмеректер менен камсыз болушат. Ар бир адис, өзүнүн кесиптигине ылайык, билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуулардан өткөрүлөт жана сертификаттарга ээ болушат. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 15%га жогорулайт. Жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

  1. Экономикалык маселелер:

Айыл чарбасы: мал чарбасы:

мал чарбасы:

Сайдыкум айылынын тургундарынын үй-бүлөөлүк негизги киреше булагы, анын ичинен басымдуу бөлүгү айыл чарбачылыгынан болуп саналат.

Жайлоо Килемче | Trip to KyrgyzstanСайдыкум айылдык аймагынын 2023-2025-жылдарда экономиканын айыл чарба багытында  айдоо жерлерин натыйжалуу пайдалануу менен алардын көлөмүн арттыруу болуп эсептелинет. Ал үчүн айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү көбөйтүүнүн негизги булактары болгон сугат жерди которуштуруп айдоо, асылдуулугун арттыруу үчүн көп жылдык өсүмдүктөрдү айдап себүүгө жетишүү зарыл. Ички сугат каналдарын, чарбалар аралык каналдарды талапка ылайык келтирүү маселелери турат.

Бүгүнкү күндө суу жетпеген, кайрак жерлерди өздөштүрүү «Кыргыз Республикасынын 2019-2023-жылдарда туруктуу өнүгүү стратегиясында» белгиленген Хажир-Абад айылына сугат суу алып баруучу каналдын курулушуна ар тараптан көмөктөшүү менен 300 гектардан ашуун жерге суу чыгаруу милдети турат.

Мал чарбачылыгынан алынуучу продукциялардын көлөмүн арттырууда малдардын баш санын өстүрүүгө басым жасалбастан алардын асылдуулугун арттыруу, сандан сапатка өттүү мезгили келди.  Малдардын ар түрдүү ооруларына каршы   күрөшүү, тоют базасын чыңдоо, жайыттарды рацианалдуу пайдалануу милдети турат. Малдардын асылдуулугун арттыруу багытында азыркы учурда айыл аймагыбызда малдарды атайын жасалма жол менен уруктандыруучу пунктары ачылып,  бирок  иштер жүрбөй жатат.

Бирок, келечекте жалаң гана кара малдарды эмес майда жандыктарды, жана жылкыларды да асылдандыруу жумуштары турат. Мисалы, таза кандуу өндүргүч айгырлар, жана өндүргүч кочкорлордун, текелердин породаларын алып келип асылдандыруучу  чарбаларды   түзүүгө  көмөктөшүү. Айыл чарба малдарын жасалма  жол менен уруктандыруу иштерин тез аранын ичинде колго алуу.

Мындан сырткары малдардын ар түрдүү ооруларына каршы профилактикалык иштерди күчөтүүнү колго алуу .Сайдыкум айыл аймагында   2 ( эки ) ветеринардык сервисте жалпысы болуп 6 ветеринардык врачтар  эмгектенет.  Эки  ветеринардык сервиске атайын имарат  курулуп, анда   жогорку жана орто билимдүү ветеринардык  кызматкерлер иштешет. Ветеринардык кызматтардын ишин жакшыртуу жана фермерлердин  маалымдуу-лугун жогорулатууга көңүл бурулат.  

Айылда малдардын саны:

Аталышы Саны (баш менен)Динамика +/-
20212022
1.Уй59906053+63
2.Жылкы305301-4
3.Кой1329713347+50
4.Эчки243265+22
5.Үй канаттуулары1472714836+109

Муруӊку жылдарга салыштырмалуу малдын башы өскөнү менен асылдуулугу начар бойдон эле калып, мал багууда жаӊы ыкмалар пайдаланылбайт.

 Кой чарбачылыгы: Койлордун асылдуулугун жогорулатуу аракетинде негизинен Сайдыкум айыл   өкмөтүн Ишкери Оморбеков Толкун Сатыбалдиевич   Нарын обласынан кыргыз уяң жүндү меринос тубар койлорун алын келип кобойтуп жатышат. Ошондой эле Кара-Суу районунан Катта-Талдык асыл тукум кой чарбасынан өндүргүч кочкорлор алып келинип, койлорду табыйгый жол менен уруктандырылып көбөйтүлүп  жатат.   Чүй өрөөнүнөн жана  Тажикстан Ресбубликасы  эт багытындагы гиссар жана эдельбай породасындагы кочкорлорду алып келип, биздин колубуздагы тубар койлорго коюп аргындаштырып жатышат.  Ошондуктан элдин колундагы  койлорунда кичине жакшы жагына өзгөрүү бар экени байкалат. Бирок айылда уяӊ жүндүү койлордун саны аз калган. Демек койдон түшкөн киреше башка жактарга салыштырмалуу көбүрөөк. Ошондуктан элдин жашоо турмушун жакшыртууда кой чарбачылыгы маанилүү ролду ойнойт.

Уй чарбачылыгы: Уй чарбачылыгы дагы айылдыктардын маанилүү киреше булактарынын бири. Бирок учурда уй чарбачылыгында 3 негизги көйгөй бар экендиги байкалат:

1) Уйлардын асылдуулугун жогорулатуу боюнча эч кандай иштер жүрбөйт. Жасалма уруктандыруу пункту бар, бирок уйларды жасалма жол  менен  уруктандыруу үчүн атайын жабдыктар  жок,  бул багыта  иштер жургузулбөй жатат.  Ошондой эле  саан  уйлардын кунардуулугу  төмөн бойдон калган. 2) Экинчи маселе тоют даярдоого же тоюттандырууга байланыштуу. Башкача айтканда элдердин саан уйларды талапка ылайык тоюттандырбагандыгын байкоого болот. Кышкыга даярдалган тоюттардан бир гана кургак чөп ( беде преци, жүгөрү сотосу ) жана  арпа, жугөрү даны, жмх, даярдалат. Силос, сенаж, тоют кызылчасы, ашкабак ж.б. чыктуу жана минералдык тоюттар даярдалбайт. Натыйжада күз келип, талаада чөп катыгандан баштап уйлардын сүтү азаят же чыкпай калат. Анын кесепетинен ноябрь айынан апрель айына чейин район боюнча сүткө болгон тартыштык жаралганын байкоого болот. Ошондой эле айылда кочкор, козу-койлорду, торпок, бука, кунаажын, уй бордоп семиртип саткандар деле көп кездешпейт.                         

3) Үчүнчү маселе  жайыттардын тартыштыгы. Бүгункү күндө жакынкы жана алыскы жайыттар деградрацияга учурап жайыттар такыр болуп жатат. Ошондой эле малчы чабандар тарабынан  жайыттаргы нормандан 3-4 эсе көп мал багылып жатат. Айыл чарба малдары жылдын 7 айында жайыттарда кармалат. Ошондуктан эгер биз келээрки 5 жыл аралыгында элдин негизги киреше булагын өссүн десек анда бул багытты ирээтке салышыбыз зарыл. Сайдыкум айылындагы табигый шарттар уй чарбачылыгынын өсүп өнүгүүсүнө толук ыӊгайлуу. Ошондуктан мал чарбачылыгынын бул багыты кирешелүү жана келечектүү. Бир гана элдин аӊ сезимин өзгөртүү аркылуу уй багуу ыкмасын тезинен туура багытка өзгөртүүбүз зарыл.

Бүгүнкү  күндөайыл аймакта  бодо мал, жылкы  кой-эчкилерди  бордоп  семиртүү иштери менен  алектенген ишкерлердин  саны  көбөйүдө.  Айрыкча бука , кочкор баккандар көп, кирешеси  да  арбын  экен.

Лошади в природе семья лошадей в природе Стоковое Фото - изображение  насчитывающей конноспортивно, ангстрома: 146439968Жылкы чарбачылыгы: Башка малдардай эле айылда жылкы баласынын көбөйгөнүн байкоого болот. Бакканга оӊой, көп көӊүл бурууну жана тоютту талап кылбайт. Бирок жылкы өстүрүүдө дагы анын асылдуулугун жакшыртуу боюнча иштер жок. Жалпысынан жергиликтүү пародадагы гана жылкылар кармалат. Ошол себептүү этке жана сүт алууга гана пайдаланылат. Таза кандуу күлүк жылкылар аз санда. Бирок бүгүнкү  күндө «Аргымак» асыл тукум жылкы чарбасы бар. Жылкылардын Дончак, Орловский, пордалары, жана Польшадан келген жылкылар бар.

Үй канаттуулары. Айрым өткөн жылдарга салыштырмалуу үй канаттууларынын азайганын байкоого болот. Бирок ошол эле учурда азык-түлүк базарында жумуртка менен канаттуулардын этинин баасы стабилдүү сакталууда. Андыктан алардын башынын азайып кетишинин себеби түшүнүксүз. Жогоруда айтылган айылдын шарттары үй канаттууларынын бардык түрүн багып, өстүрүп, андан киреше табууга мүмкүнчүлүк берет. Өзгөчө жаӊы тирдик жаш үй бүлөөлөргө жана жакыр үй бүлөөлөргө абдан ыӊгайлуу.

Аарычылык: Бал челек кармап бал алууга айылда толук шарттар бар, бирок   бул тармакты өздөштүргөн  аз  санда . Албетте көп сандагы бал челек кармаса чоӊ киреше кириши мүмкүн, бирок жок дегенде айылдын 3/1 де 4-5 тен бал челек болсо, айыл тургундарынын жана балдардын ден-соолугуна оӊ таасирин бермек. Биздин айыл аймакта аз сандаган бал члекчилер бар, аз санда  болсо да иш алып барып жатышат

Башка түрлөрү: Шарттарыбыз болсо дагы башка айылдарда популярдуу болуп аткан жасалма көлмөлөрдө балык өстүрүү жок. Жылы бою тоӊбогон кара суулар атайын көлмө казып балык өстүрүүгө ыӊгайлуу шарттарды түзөт. Ошондой эле коен, цесарка, бөдөнө, төө кармаганга дагы шарттарыбыз мүмкүнчүлүк берет. 

Жайыттар: Сайдыкум айылына тиешелүү жайыттары өтө аз жайыт тартыш. Малдын башына караганда жайыт 4-5  эсе аз. Бирок  айдоо жерлери  кенен. Жалпысынан Сайдыкум айыл аймагына  тиешелүү  3397  га жайыт бар.   Жакынкы  2883 га  жайыт жана алыскы  514 га  жайыт бар. Мал жайлаганы 514 га алыскы жайыт бар, алыскы жайыттардын  аянттары жетишээрлик деӊгээлде эмес. Асылкы биздин  1264 га  Кичи Зындан жайлоосун  жерин  Могол айыл өкмөтү чабандары басып алып, өз билемдик менен пайдаланып жатат.

Малчылар малды жакшы карап, жакшы бакса күзүндө жайлоодогу мал семиз эле түшөт. Жайлоо алыс жолдору начар  болуп, мал баккан чабандарга көчүп барып келүүгө жакшы эле ыӊгайлуу. Бирок малдын негизги бөлүгү жайлаган  Тогуз-Булак,  Кампа,   Кич-Зындан.            Ак-Коргон,  жайлоосуна баруучу жолдор жакшы каралбагандыктан абалы жакшы эмес. Натыйжада жакын турган жайлоого бир далай убакытта барууга туура келет.

Жайыт жолдору аз-аздан оңдолуп жатат.  Зындан Тогуз-Булак жайлоосуна жаңы жол,жана Торпунун  суусуна копуро салынып чабандарга бир топ женилдик  болду. Мурун Торпунун суусунда  көпүрө  жок учурда     мал жандыктар суу кечип өтүүгө тураа келчүү.  Музоолор, кой  козу-улактар кулундар сууга агып малчылар зыян тартчуу.

Мал чарбачылыгы менен алектенген чарбалар боюнча маалымат:

Аталышы20202022  Өзгөрүү динамикасы
1.Жаңы чарбалардын саны 155 
2.Түзүлгөн жумушчу орун, анын ичинен аялдар 336 
3.Түзүлгөн жумушчу орун, анын ичине жаштар 140 
4.Түзүлгөн жумушчу орун, анын ичинен аяр катмарлар   
5.Мал чарбачылыгын өнүгүүсү үчүн тартылган инвестициянын көлөмү   
6Калктын аярлуу топтору үчүн жумуш орундарын түзүүгө дем берүү боюнча чаралар   

Мал чарбасында  жетишкендиктер:

Айыл аймакка  2 ветеринардык сервистин  имараты,  жуут пункту, айыл чарба малдары үчүн атайын  раскол  курулуп  пайдаланылып  жатышат. Мындан тышкары ветеринардык врачтарга 2 мотоцкил, 2 муздаткыч, 2 ноутбук, 6 смартфон телефон жана керектүу каражаттар менен камсыз болуп жатат.

Мал чарбачылыгана байланышкан көйгөйлөр:

  • Асыл тукум малдарды багуу боюнча жеке дыйкан чарбалардын билиминин жана тажрыйбасынын жетишсиздиги;
  • Малдын асылдуулугун жогорулатуу боюнча эч кандай иштер жасалбайт;
  • Малды багып өстүрүү боюнча жаңы технологиялар колдонулбайт;
  • Үй канаттууларынын бардык түрүн багып, өстүрүп, андан киреше табууда жаӊы тирдик жаш үй бүлөөлөргө жана жакыр үй бүлөөлөргө шарт түзүү боюнча  иштераз санда  жүргүзүлүшү;
  • Аарычылык жүргүзүү жана балык чарбасын өстүрүү боюнча мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу боюнча иштер жүргүзүлбөйт;
  • Жайыттарды эффективдүү пайдалануу боюнча иш аракеттер жетишсиз;
  • Алыскы жайыттардын жетишсиздиги:
  • Жайыттардын деградрацияга учурашы;
  • Калктын бардык катмарынын  аӊ сезимине жана түшүнүгүнө,  чарбачылыкты өнүктүрүү жана жаӊылыктарды киргизүү боюнча түшүндүрүү жана окутуу, демонстрациялап көргөзүү иштеринин жетишсиздиги;
  • Мал чарбасына тоют камдоодо, чөп чабынды жерлер, суугат жерлер жетишсиз.
  • Айыл өкмөтүнүн СПА жана Жайыт пайдалануучулар комитетинин  кызматкерлеринин талапка ылайык жумуш алып баралбагандыгы;
  • Урөөн чарбасы бар бирок иштөөсү өтө начар сапаттуу үрөн менен касыздоо                  жокко эсе;
  • Райондук, облустук жана республикалык деӊгээлдеги ар кандай айыл чарба көргөзмө жарманкелерине барып катышып келген фермерлер жокко эсе. Айыл чарбасына тиешелүү маалыматтарды айылдын фермерлерине берип турууну жакшылап колго алынбаган;
  • Айыл боюнча юридикалык каттоодон өткөн дыйкан чарба же айыл чарба кооперативдери болгону менен, чарбачылык кылууда биргелешип аракеттенүү, суугат жерлери көп, өндүрүлгөн продукциясын биргелешип сатуу жана  урөөн, көчөт ж.б. чарбачылыкка керектүү нерселерди биргелешип алып келүү жок. 

Талаачылык:   Айылда катталып, туруктуу жашап жаткандарга 1994-жылдардын башында дыйкан чарбага тараган кезде ар бир жанга 0,25 га жер үлүшү тийген. Үлүшкө тийген суу баскан айдоо жерлер 3703 га, кайрак жерлер 101 га.

Калктын санына салыштырмалуу суу баскан айдоо жерлер кенен жана сугат суулардын көлөмү жетишээрлик деӊгээлде.   Акыркы 5 жыл аралыгында көп жылдык чөптүн аянтынын чоӊойгону байкалат жана бул туура кадам болгонун мезгил тастыктады. Анткени биринчиден жылыга айдала берип арыктап, шамалга жана сууга жуулуп, эрозияга учураган жер кыртышы калыбына келүүдө. Экинчиден айылдын тоютка болгон муктаждыгын толук камсыздоо менен түшкөн киреше туруктуу жана сатып өткөрүүдө маселе жаралбайт. Ошондуктан учурда талаачылыктагы эӊ көп өндүрүлгөн продукциянын түрү пахта эгүү. Экинчи орунда буудай турат. Жашылчалардан капуста, сабиз, сарымсак, картошка ж.б. өсүмдүктөр айдалат.

Огороддор:  Сайдыкум айылында там арка кенен. Кээ бирлериники такыр айдалбаса, кээ бирлеринде көп жылдык чөп, арпа, сулуу, картошка, сабиз, сарымсак ж.б өсүмдүктөр  айдалат. Там арка максималдуу эффективдүү жана туура багытта пайдалануу үй-бүлөөлөрдүн жашоо турмушунун жакшырына чоӊ салым кошот, айрыкча аяр катмарларга.  

Сайдыкум айыл аймагынын баардык жер аянттары бөюнча 2022- жылкы маалымат:

Сайдыкум айылдык аймак боюнча жалпы айдоо жерлердин 3804 анын ичинен сугарма 3703 кайракы 101 ушул айыл чарба  жерлерин натыйжалуу пайдаланып, алардын асылдуулугун жогорулатуу менен айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу, максатында  Жараксыз же болбосо сугат суу барбаган жерлерди аныктап, такыр иштебей калган 54 даана сугат суу скважиналарын ондогоо жетиштик.

Сайдыкум айыл аймагынын тургундары негизинен айыл чарба багытындагы өсүмдүктөрдү өндүрүү менен киреше алышат

2022-жылдын 10 айына   карата

            – Буудай 280 га эгилип ар бир 1,0га жерден орточо 38,8 ц  түшүм жыйналды;                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                     – Арпа105 га эгилип ар бир 1,0га жерден орточо 25,5 ц  түшүм жыйналды;                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                            – Картошка 146 га эгилип ар бир 1,0га жерден орточо 181,5 ц  түшүм жыйналды;                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                            – Жашылча 661 га эгилип ар бир 1,0га жерден  орточо 262,8 ц  түшүм жыйналды;                                                                                                                       – Май өсүмдүгү 32 га эгилип ар бир 1,0га жерден орточо 35,0 ц  түшүм жыйналды                                                                                                – Жүгөрү  өсүмдүгү 518 га эгилип ар бир 1,0га орточо жерден  88,0 ц  түшүм жыйналды;                                                                                                                                                                                                  – Пахта өсүмдүгү 1808 га эгилип ар бир 1,0га орточо жерден  39,1 ц  түшүм жыйналды;                                                                                                                                                                                                                                                                                                  – Бахча 65 га эгилип ар бир 1,0га жерден  орточо 242,5 ц  түшүм жыйналды;                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                          

            – Күрүч 410 га эгилип ар бир 1,0га жерден орточо 49,0 ц  түшүм жыйналды                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                          

Ирригация системасы: Мал чарбачылыгынын өнүгүп өсүүсү тоют базасынан түздөн түз көз каранды. Ал эми тоют өсүмдүктөрү толук кандуу жана өз убагында сугарылбаса тоют базасы эч качан өнүкпөйт. Демек сугат суу менен камсыз кылуу системасынын иштөөсүнөн жалпы элдин жашоо-турмушу көз каранды десек жаӊылыштык болбойт. Сугат суунун жазында кеч келгени эле болбосо, негизинен вегетациялык убакытта сугат суу жетишээрлик көлөмдө эле болот.  Жалпы ички ирригация каналдарынын  67,0  км түзөт. Күнөсканалар жана парниктер иштеп, айылдагы билими орто аялдарга коп иш орундар пайда болду.

Талаачылыкка  байланышкан көйгөйлөр:

  • Талаачылыктагы башкы көйгөйлөрдүн бири бул ирригациялык системанын толук кандуу иштебей, негизги сугат каналдарынын өткөрүмдүүлүгү төмөндөп, оңдоого муктаж болгондуктан суу коромжу болуп, айдоо жерлерге толук жетпейт;
  • Тартыштык сугат суунун көлөмүнүн аздыгынан эмес, ички арыктардын казылып, тазаланбагандыгынан жана келген сууну көзөмөлдөгөн адам жоктугунан болууда;
  • Сууларды дагы эффективдүү пайдалануу максатында гидротарандардын колдонулбагандыгы;
  • Там арканын бош жерин калтырбай негизинен картөшкө, сабиз, сарымсак, кызыл кызылча, капуста,  ж.б. жашылчаларды айдоо иштеринин колго алынбагандыгы;
  • Органикалык жана минералдык жер семирткичтердин  өсүмдүктөргө берилбегендиги жана калктын, өзгөчө аялдардын,  аяр катмарлардын, жаштардын  бул боюнча маалымдуулугунун жана тажрыйбасынын жоктугу;
  • Жашылча жана жемиштерди өстүрүү боюнча калктын, аялдардын, өзгөчө аяр катмарлардын, жаштардын  бул боюнча маалымдуулугунун жана тажрыйбасынын жоктугу;

АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫН КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮ ЖАНА КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮ  ӨНҮКТҮРҮҮ:

Сайдыкум айылында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө жергиликтүү тургундардын көпчүлүк бөлүгү ийри мүйуздүү малдын, тагыраак айтканда уй мал жанынын сүтүн  алып сүзмө, сары май ж.б продукцияларын өндүрүшөт жана 10% тургундар мал чарбачылыгы менен алектенип кой, уй, жылкы бордоп семиртишип үй-бүлөөлүк бюджетине кошумча пайда алып келишет.  Мындан тышкары көзгө көрүнөөрлүк айыл чарба продукциясын өндүрүүдө анчалык деле активдүү эмес.Бирок арасынан буудай, жүгөрү, пахта, шалы, картошка, сарымсак, арпа айдап түшүмүн сатып пайда көргөн тургундарыбыз да көп алар тургундардын,   85% түзөт. Калган 15% айыл тургундары өздөрүнүн үй-бүлөөсүнө, мал жанына жеткидей көлөмдө айыл чарба продукцияларын өндүрүшүп өздөрүн камсыз кылып жашоо турмушун улантып келет.

Сайдыкум  айыл  аймагында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын кайра иштетип, жеке ишкердүүлүк менен алектенүүгө шарттар бар экендигине карабастан бүгүнкү күндө   39 чакан магазин, песко блок, пена блок жасоочу 6 ишкер бар,курулуш материлдарын сатуучу  4 магазин, швейный цехтер, автомай жана күйүүчү май куюучу жайлар, 2 желимдөө жайы жана жаӊы ачылган бильярд ойноочу жай ачкан 5 ишкер бар. Бул албетте өтө аз.

Кайра иштетүүгө   байланышкан көйгөйлөр:

  • Калкка, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана аяр катмарларга маалыматтын жана тажрыйбанын жетишсиздиги;
  • Калкка, анын ичинде аялдарга, жаштарга жана аяр катмарларга каржы жана башка ресурстардын жетишсиздиги;
  • Калктын каражатты туура эмес пайдалануусу жана финансылык сабаттуулугунун жетишсиздиги;
  • Кичи, орто ишканалардын жетишсиздиги;
  • Бизнес жаатында долбоорлодун жазылбагандыгы, маалыматтардын жетишсиздиги;
  • Изденүүнүн жана идеялардын жоктугу болуп эсептелинет;
  • Кичи ишкерликти жана кол өнөрчүлүктүү өнүктүрүүдө шарттардын жетишсиздиги.

Максат: Сайдыкум айылдык аймагынын экономикасын, анын ичинде айыл чарба өсүмдуктөрдүн жана мөмө жемиштердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Тапшырмалар:

  1. Сайдыкум айыл аймагына донорлордун каржысы менен 80 млн сомго 200,0 га бак тигүү.
  2. 2023-2025 жылдар аралыгында дыйкан-фермерлерге асыл-тукум  мал чарбаларын уюштүрүуга көмөктөшүү.
  3. Жайыттарды деградацияга учуратпоо боюнча  алдын ала  чараларды коруу
  4. Ветеринардык тейлөөнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшүү
  5. Мал союучу жайды өздөштүрүүгө шарт түзүү
  1. Жайыттардын инфраструктурасын жакшыртуу.
  2. Айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча дыйкандарга жана айыл тургундарына көмөк көрсөтүү.
  3. Айыл тургундарынын кредит алуу боюнча курстарды уюштурууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
  4. Yрөөн чарбаны өздөштүрүүчү логистикалык борбор ачуу
  5. Мамлекеттик бийлик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын жана өкмөттүк эмес сектордун аялдарды ишкердикке окутууну колдоо программаларын өнүктүрүү боюнча күч-аракеттерин бириктирүү жолу менен аялдардын ишкердигин үзгүлтүксүз өнүктүрүү

Күтүлгөн жыйынтыктар/ көрсөткүчтөр

Фермерлер жана айыл тургундары мал чарбачылыгынын сапатын жакшыртуу боюнча 30% фермер маалымдуу болушту. Айыл аймагындагы малдын башы такталат. Ири муйуздуу малдын 100% идентификациядан өткөрлүдү. Малдын жугуштуу оорулары алдын алынат. Малдын оорусу 2 эсе азаят. Жайытты туура пайдалануу боюнча жылына 1 ден кем эмес чогулуштар өткөрүлөт. Калкка тейлөө кызматы жакшырат.

  1. Айлана-чөйрөнү коргоо, ден-соолук жана тазалык

Айлана-чөйрөнү коргоо:

Бул багытта таштандыны чогултуп жана жыйноо иштерине көңүл бурулат жана калкты таза жашоого үндөө жүргүзүлөт.  Айыл тургундары жана жаштар арасында таштандыларды тиешелүү жайларга гана таштоо зарыл экендиги туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен айылдык аймакты таштандысыз таза аймакка айландыруу. Айыл тургундарына таштандыларды алып чыгып бир жерге топтоо иштерине шарт түзүү.

Топтолгон таштандыларды айыл ичинен тиешелүү жайга алып чыгып төгүү иштерин жогорку деңгээлде жолго коюу.

Айыл аймагыбыздагы айылдарда, айрыкча соода-сатык борбору саналган  «Сайдыкум тазалык» айылындагы соода дүкөндөрүнөн, ашканалар-дан,базардан ж.б. элге кызмат көрсөткөн ишканалардан аябагандай көп өлчөмдө таштандылар чыгарылат. Ал таштандыларды чыгарууну көзөмөлгө алуу бүгүнкү күнгө чейин жолго коюлбай келе жатат. «Сайдыкум тазалык» тазалык ишканасы аркылуу айылдардагы таштандыларды ташып чыгаруу, ошондой эле коммерциялык ишканалар менен келишим түзүү аркылуу, алардан чыккан таштанды-ларды атайын таштанды таштоочу жайга ташуу иштерин уюштуруу жагы пландаштыры-лууда. Келечекте атайын таштанды чыгаруучу техникаларды алуу, ар бир айыл,ар бир көчөгө таштанды топтоочу контейнерлерди алып коюу замандын талабы болуп эсептелет. Ошондой эле «Сайдыкум тазалык» ишканасынын колдоосу менен, бул ишканада эмгектенген кызматкерлердин санын көбөйтүп, таза айылга жетишүү максатында тынбай эмгектенүү күтүлүүдө.

Айылдык аймакта парктарды, көчөлөрдүн жээктери жашыл бак-дарактар, гүлдөр менен кооздоп, жагымдуу айылга айландыруу максатында көрктөндүрүү иштери улантылат. 

Айлана-чөйрө маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Айылдын коомдук жерлеринин жашылдандыруунун жетишсиздиги;
  • Атайын бак-дарак өстүрүүдөгү  адистин жоктугу;
  • Экологиянын бузулушу;
  • Айыл ичиндеги көпүрүлүрдүн эскилиги жана жетишсиздиги;
  • Таштандыны кайра иштетүүнүн жоктугу;
  • Таштандыларды сорттоо бочоктордун жоктугу;
  • Таштанды ташуучу унаанын жетишсиздиги;
  • Таштанды ташуучу автоунаага шаймандардын жетишсиздиги
  • Таза суунун трубаларынын эскилиги;

Ден-соолук:

Сайдыкум айыл аймагында Кызыл-Ай жана Жаны-Абад айылдарында YДТ (үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу) бүгүнкү күндө калкка медициналык жардамды көрсөтүп келет. Жалпысынан 25 жумушчу эмгектенет. Учурда оорукананын ички жасалгасы капиталдык оңдоп-түзөөдөн ашар ыкмасы менен жүрүп жатат. Атайын дарыгерлер жетишпейт. Бирок айрым медициналык жабдуулар жетишпейт. Кызматкерлер колунан келишинче айылдыктарга жана кошуна айылдагыларга  кызматын көрсөтүп турат. Оорукананын имаратында  аптека жок, айыл тургундары дары-дармек менен  башка дарыканалардан камсыз болушат. Ошондой эле тез жардам унаасы жок катуу оорулуулар чыгып калса, райондун борборуна кайра жандандыруу бөлүмүнө алып барууга жардам көрсөтө албайбыз.             Айылдагы санитардык абал канааттандыраарлык. Барында мончо жок болсо дагы көпчүлүгүндө бар. Бала бакчада жана мектепте жугуштуу оорулар чыгып, жабылган учурлар каттала элек.

Ден-соолук маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Ооруканага жаш кадрлардын жетишсиздиги;
  • Дене гигиенасын сактоого шарттын жетишсиздиги;
  • Ден-соолукту чыңдоочу атайын жайлардын жоктугу;
  • Жугуштуу оорулар жөнүндө көп маалыматтын жетишсиздиги;
  • Ооруканада эң керектүү жабдыктардын жоктугу.
  • Ооруканада тез жардам унаасынын жоктугу

Максат: Айлана-чөйрөнү коргоону жакшыртуу.

Тапшырмалар:

  1. Айыл аймакты таштандылардан арылтуу менен айыл тургундарына  айлана чөйрөнүн тазалыгын сактоосун камсыз кылуу.
  2. ТЖКЧнын материалдык-техникалык базасын чыңдоо.
  3. Коомдук жерлерди жашылдандыруу жана ирригация системасын оңдоо.

Күтүлгөн жыйынтыктар/ көрсөткүчтөр

Айыл аймакты таштандылардан арылтуу менен айыл тургундарына  айлана чойронун тазалыгын сактоосун камсыз кылуу. Айыл тургундарынын 70% жашоочулары  таштандыларды урналарга болуп таштоо боюнча маалымдуу болуп, сала башташты. Аймактагы 6 айылдын ичиндеги билим беруу мекемелерине жана негизги көчөлөргө таштанды тогуучу урналар 30 санда орнотулду. График менен таштанды чогултуу уюштурулду.  Калк жана коммерциялык уюмдар менен келишимдер түзүлүп тарифтердин чогулушу 2 эсеге көбөйөт. Таштанды таштоочу жайдын айланасы тосулуп, коопсуздук сакталат. Мыйзамсыз таштанды таштоочу жайга таштанды ташталбайт. Атайын таштанды ташуучу машина алынып, графикке негиз айыл ичиндеги таштандылар ташылып чыгарылат. Айылдык аймактын борбордук көчөлөрү жана эс алуучу жайларына көп жылдык бак-дарак отургузулат. Айылдык аймактын борбордук көчөлөрү жана эс алуучу жайларына бир жылдык кооз гүлдөр отургузулуп, айлана көрккө келет. Ушул күнгө чейин көрктөндүрүлүп келген жайлардын абалы туруктуу сакталат. Айылдын ички арыктарынын абалы жакшырып, сугат сууда маселе жаралбайт.

  1. Коомдук тартип жана коопсуздук

Жалпы Сайдыкум айыл аймагында коомдук тартип жана коопсуздук боюнча бүгүнкү абал туруктуу.

Калк арасында жана  билим берүү мекемелеринде коопсуздук эрежелери тууралуу тиешелүү адистердин катышуусунда көптөгөн угууларды, окууларды жана тажрыйбаларды уюштурулууда.

Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Сайдыкум айыл аймагында өзгөчө кырдаалдар жана өрт коопсуздугу боюнча ар түрдүү кырсыктардан калк арасында мамлекеттик камсыздандыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугун жолго коюу жогорулатып, мекемелер өрт өчүрүүчү заманбап шаймандар менен камсыз болушат. Окуучулар арасында өрт болгон учурда кандай чараларды колдонуу жана өрт учурунда мектептен чыгуу жолдору боюнча машыгуулар үзбөй алынып барылат. Кооптуу жерлери айыл аймагыбыздын сел кетүү, жер титирөө, өрт коопсуздуктардан жана башка ушу сыяктуу кырсыктардын алдын-алуу  үчүн иш чараларды өткөрүү.

Келечекте коомдук тартипти бекемдөө жана коопсуздукту камсыздоо максатында Коомдук алдын алуу борбору иш алып барат. Коомдук алдын алуу борбордун негизги милдеттери – калк арасында түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүү, экстремизмдин алдын алуу, жашы жете электердин никеге турушуна жол бербөө, жол коопсуздугу жана башкалар.  Айыл аймагында аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар уюму жана бузуулар боюнча комиссия сыяктуу коомдук уюмдар түзүлгөн.

Коомдук тартипти сактоодо аксакалдар сотунун таасири жогору десек болот. Көпчүлүк маселелерди аксакалдар соту өз убагында, жеринде ыкчам чечүүгө аракет кылышат.

Коомдук тартип жана коопсуздук маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Видеокөзөмөлдөрдүн коомдук жайларга орнотулбагандыгы;
  • Түшүндүрүү иштери жана атайын окутуулардын аздыгы;
  •  Сейдикум, Жаны-Абад айылдарда көчөлөрдө жарыктын жоктугу         

Максат: Сайдыкум айылдык аймагынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү. 

Тапшырмалар:

  1. Коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого көмөктөшүү;
  2. Жаштардын жана балдардын коопсуздугун  камсыз кылууга көмөктөшүү;
  3. Өзгөчө кырдаалдар боюнча калктын маалымдуулугун камсыз кылуу;
  4. Жугуштуу оорулардын алдын алууга көмөктөшүү;

Күтүлгөн жыйынтыктар/ көрсөткүчтөр

40% элге түшундүрүү иштери жүргүзүлөт. Жаштар кылмыштуулук боюнча маалымат алышат жана кылмыштуулуктун саны 1% азаят. Калктын маалымдуулугу 20% га жогорулайт. Эл арасында жугуштуу оорулардын алды алынат жана саны 10%га азайат. Жолбун иттер атылып, элдин коопсуздугу каралат.

1.5 Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

Таза суу:

Социалдык-экономикалык жактан өнүгүүдөгү негизги көңүл бурулуучу тармак бул ички байланыш жол каттамдарын, калкты таза суу менен камсыздоону, электр столбаларын жана линияларын жакшыртуу болуп калмакчы. Ички жолдорду жарыктандырууга басым жасалып, мүмкүн болушунча бардык көчөлөр жарыктандырылып, шаар тибиндеги көчөлөргө жетишебиз.              

 Айрыкча айылдардын ички жолдорун калыбына келтирүү, айыл жашоочулары-нын көпчүлүгү жол жакка карай тамаркасынын чек араларын жылдыруунун натыйжасында ички жолдор кичирейип, эки автоунаа катары менен жүрүүгө мүмкүн болбой калган көчөлөр бар. Мына ушул көчөлөрдү атайын иш-чараларды кабыл алып, анын негизинде иш аракеттерди жүргүзүү менен талапка жооп бере турган абалда кеңейтүү, жолдордун бойлоруна жакын отургузулган бак-дарактарды мыйзам талаптарынын негизинде кыйуу менен ички жолдорду кеңейтүү.  Кеңейген жолдордун четине тротуарларды куруп, элдердин жана транспорт каражаттарынын кыймылына  шарт түзүлүп берилет.

Сайдыкум айыл  аймагынын жашоочуларын таза суу менен камсыздоо багытында Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан, баардык тиешелүү жумуштар аткарылып жатат. Таза суу системасынын баардык иш-кагаздары даярдалып АРИС уюмуна өткөрүлгөн. Дүйнөлүк банк менен АРИС уюму ортосунда акча каражатын бөлүү боюнча сүйлөөшүүлөр жүргүзүлүп, макулдашылып, бүгүнкү күндө куруу иштерин жүргүзүлүп жатат.

Таза суу маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Сайдыкум айыл аймагында таза суунун жетишсиздиги;
  • Суу түтүктөрдүн эскилиги;
  • Ичүүчү суунун стандартка жооп бербеши, анын кесепетинен жугуштуу орулар көбөйүп, айыл тургундарга терс таасирин тийгизиши;

Таштанды маселеси: Сайдыкум айыл аймагында 4045 кожолукта 20219 киши жашайт. Айылдын тазалыгына атайын түшүндүрүү иштерин АӨнүн жана «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери алып барып келет. Үй тиричилик таштандыларын чыгарууга күн сайын график менен көчөмө көчө техника чыгып чогултуу пландашууда.

Калктан таштандыларды чогултуп жана жыйноо үчүн ар бир жанга 20 сомдон бекитилген. Тарифтин чогулушу 60% пайызды түзөт. Кээ бир айыл тургундары көчө жээктерине, коомдук жайларга таштандыларын таштап салышат.

Таштанды маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Көпчүлүк таштандылар туура эмес сорттолуп жана утилизация болбойт. Ошондой эле жылдап  чыгарылбай тургандыгы;
  • Таштандыны чогултууга, рекультивация иштерине  иштейм деген кызматкерлердин жоктугу;
  • Таштанды иштетүүчү жабдыктардын жоктугу;

Ички муниципалдык жолдор, тротуарлар жана көпүрөлөр:

Жергиликтүү бюджеттин жана элдин эсебинен  Сайдыкум айыл аймагында жалпысынан 5-6 ички көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, оңдоо иштери жүргөн.

Ички жол маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Сайдыкум айыл аймагынын ичинде Аркалык, Жаны-Абад, Чон-Курулуш айылдарындагы ички  жолдору начар абалда. Тротуарлардын жоктугуна байланыштуу жөө жүргүнчүлөрдү, анын ичинен мектеп окуучуларын жана кенже курактагы балдарды машина коюп кетүү коркунучу бар.

Ички көчөлөрдү көчө жарыгы менен камсыздоо

Айрым көчөлөрдө жергиликтүү жашоочулар акча каражатын чогултуп жарыктандырууну өзүлөрү уюштуруу жолу менен жасашкан.

Ички көчөлөрдү көчө жарыгы менен камсыздоо маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  •  Жергиликтүү бюджеттин жетишсиздиги;

Максат: Сайдыкум айылдык аймагынын жарандарына жашоого ыңгайлуу жана жагымдуу шарттарды түзүү. 

Тапшырмалар:

  1. Сайдыкум айыл аймагындагы 20 км ички жолдордун абалын жакшыртуу;
  2. Айыл тургундарынын 90 %  таза суу менен камсыз кылуу;
  3. Айыл чарба иштерин жүргүзүүгө багытталган техникалык сервисти уюштурууга атайын окутууларды уюштуруу;
  4. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө үйлөрдү жылуулоо аркылуу энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү

Күтүлгөн жыйынтыктар/ көрсөткүчтөр

Сайдыкум айылдык аймагынын начар акыбалдагы Аркалык, Жаны-Абад, Чон-Курулуш, Турпак-Коргон айылдарынын жүрүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Аталган көчөлөргө шагыл төшөлүп, жолдордун абалы жакшырат. Ошондой эле көчөлөрүнүн тургундарынын түнкүсүн басып жүрүүлөрүнө  ыңгайлуу  шарттар түзүлөт. 

Ошондой эле таза суу графиги түзүлүп, элдер өз мөөнөтүндө таза суу менен камсыз болушат. Айылда таза сууну үнөмдүү пайдалануу боюнча чогулуштар өткөрүлүп, сууну үнөмдүү пайдалануу жөнгө салынат.

  1. Эс алуу, маданият жана спорт

Айыл аймагында маданий иш-чараларды өткөрүүгө Сайдыкум айыл аймагында маданият үйү бар. Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат менен даталуу күндөрү майрамдарды өткөрүп, элдин көңүлүн көтөрүп келебиз. Акыркы учурда коомчулукка көз салып байкоо жүргүзсөк, айыл жеринде да ата-бабалардан келе жаткан улуттук каада-салттар унутулуп бараткан экен. Ушул максатта айылдык аймакта Шайыр апалар тобу түзүлгөн. Калктын маданияттуулугун жогорулатуу жана бош убактысын туура пайдаланууга шарт түзүү. Айылдык аймакта бакубат жашоо бул спорт менен машыгуу образын калыптандыруу болуп саналат.

Маданият маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Атайын уюштурулган маданий-иш чараларга элдин катышуусунун кайдыгерлиги;
  • Азыркы учурда маанилүү маселе – Маданият үйүнө инвентарь менен камсыз кылуу;
  • Музыкалык аппараттардын  жетишсиздиги (ямаха,аккардеон,гитара ж.б);
  • Атайын кийүүчү формалардын (артист көйнөк) жоктугу;
  • Бий кружок өтүүчү залдын жоктугу жана керектүү шаймандардын жетишсиздиги;
  • Маданият үйүнүн алдына брусчатка төшөө;
  • Маданият үйүнүн территориясына дааратканын жоктугу;

Китепкана:

Жалпы аймак боюнча 6 мектепте жана 1 айылдык китепкана бар. Азыркы убакта айылдык китепканада 10223 даана китеп бар. Жылытуу ситемасы жок, зал суук болуп кышкысын окурмандар китептерди үйүнө алып барып окуп келишет. Китептерди замандын талабына ылайык жаңыртуу керек. Буга чейин жергиликтүү бюджеттен жана спонсорлордон толукталып келет.

Китепкана  маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Атайын китепкана үчүн кененирээк кабинет же имараттын жоктугу;
  • Электрондук китепканага айлантуу жана материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн бюджеттин жетишсиздиги;
  • Жылуулук системасынын жоктугу;
  • Китеп, көргөзмө кое турган текченин жетишсиздиги;
  • Инвентарларды алууга акча каражатынын жетишсиздиги.

Жаштар саясаты:

Сайдыкум  айыл аймагында жаштар б.а. 14-28 жашка чейнки тургундар салыштырмалуу көп. «Жаштар» уюму деп аталган жамаат бар. Алардын уюм экендигин далилдеген Уставы, күбөлүгү бар.

Жаштар саясатына байланышкан көйгөйлөр:

  • Ошондой эле район, облус жана республикалык деӊгээлдеги жаштар уюмдары жана жаштарды колдогон донор уюмдар менен байланыш түзүлгөн эмес. Натыйжада айылдын жаштар уюму тарабынан тартылып келген гранттык жана демөөрчүлүк каражаттар жокко эсе. 
  • Жаштар жана балдар үчүн атайын ресурстук  борбордун жоктугу.

Сайдыкум айыл аймагында 4 кичи футбол аянтчасы бар. Негизинен спорттун волейбол, кичи  футбол оюндары көп ойнолот. 

Массалык спорт иш чараларынын жана спортко  тартылган адамдардын саны:

Массалык спорт иш чараларынын жана спортко  тартылган адамдардын саны:20212022Динамика +\-
1Массалык спорт иш чараларынын саны: 1516+1
2.Спорттун түрлөрү боюнча мелдештердин саны: – футбол – волейбол – күрөш – көк бөрү      3 8 5 0    4 9 8 2      +1 +1 +2 +2
  эркекаялэркекаялэркекаял
3Массалык спортко тартылган жаштар (14-28 жаш)30354038+10+3
4Спорттун түрлөрү боюнча машыгууга тартылгандардын  саны: – футбол -волейбол -күрөш        70 30 40        0 35 0      72 30 40        0 35 0      +2 0 00     0 0  
5Массалык спортко окуучулар жана өспүрүмдөр1008010684+6+4
6Спорттун түрлөрү боюнча машыгууга тартылгандардын  саны: – футбол -волейбол -күрөш      64 57 37      13 33 4      72 43 43      27 16 9      +8  -14 +6      +14 +17 +5
7Массалык спортко тартылган орто жаштагы муундар  42  20  35  18  -7  -2

Дене тарбия жана спорт  маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Спортко байланышкан жабдыктардын жоктугу;
  • Аял затына арналган атайын фитнес-клуб же атайын ден-соолук чыңдоочу жайдын жоктугу;
  • Атайын чуркоочу жана вело аянтчасынын жоктугу.

Максат: Калктын маданияттуулугун жогорулатуу жана бош убактысын туура пайдаланууга шарт түзүү.

Тапшырмалар:

  1. Калкты маданий иш чараларга тартуу үчүн клубдун материалдык жана техникалык базасын чындоо.
  2. Балдар арасында көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү.
  3. Калкты маданиятты өнүктүрүүгө тартуу
  4. Балдарды жана жаштарды, анын ичинде кыздарды сергек жашоого үндөө.
  5. Балдарга эс алуучу жана спорт менен машыгууга шарттарын түзүү.

Күтүлгөн жыйынтыктар/ көрсөткүчтөр

Маданият үйүнүн материалдык жана техникалык базасы  чындалат. Айылдар арасында даталуу күндөргө карата иш чаралар өткөрүлөт. Балдар бий жана комуз, сурот кружокторго катышат. Комуз жана сурот тартууну үйрөнөт. Тарыхый инсандар , дүйнөлүк классиктер жөнүндө маалымат алышат. Жылына  бир жолу мекемелер арасында ыр кесе уюштурулат. Маданий эс алууга шарт түзүлөт. Жаштардын убактысын туура пайдаланат. Ден-соолугу чың болот. Кыздар спорттук оюндарга жана сергек жашоого тартыла баштайт.  Балдар ойноо аянтчасы уюштурулат.

  1. Билим берүү

Мектепке чейинки билим берүү: Учурда «Кызгалдак» бала-бакчасында 100 бала,Ромашка балдар бакчасында 50 бала,Маржан бала бакчасында 120 бала,Келечек балдар бакчасында 100 бала,жалпы  370 бала тарбияланууда, 500 бала бала-бакчага кирүү үчүн кезекте турат. Дайыма иштеген эмгек жааматынын саны 60 адамды түзөт. Ата-энелер ар бир балага ай сайын кошумча тамагына бир айга  500 сомдон төлөшөт. 2022-жылга жергиликтүү бюджеттен 1375000 сом, атайын счеттон 2 млн сом тамак-ашка бөлүнгөн. Билим берүү тармагында заманбап технологияларды колдонуу менен сапаттуу билим алууга шарттарды түзүү жана балдардын билим деңгээлин жогорулатуу. Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында иштер алынып барылат.

Мектепке чейинки билим берүү маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Кыш мезгилине дене тарбия сабагы үчүн жабык кичи спорт аянтчасынын жоктугу;
  • Инвентарлардын жетишсиздиг (түстүү принтер, компьютер,автомат кир жуучу машина, идиш аяк, электрондук куймак жасоочу плита, килем буюмдары, билим берүүчү оюнчуктар ж.б);
  •  

 Жалпы билим берүү :                                                             

Айыл аймагында  8(сегиз) анын ичинен 6 орто,2 башталгыч мектеп бар. Мектептерде  1 спорт аянтчалары,  ашканалары,  китепканалар бар. Мектептер айылдын негизги маданий жана агартуу борбору болуп саналат.

Учурда анда 2891 окуучу билим алып, 217 мугалим жана 65 техникалык персонал эмгектенишет. 

Билим берүүдө шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар:

Билим берүүдө шарттарды жакшыртуу боюнча чаралар:2021 2022
сомсанысомсаны
1Жаш мугалимдерди колдоо боюнча аракеттер:0 1100011
2.Мектептеги билим алууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча чаралар: Китеп сатып алуу Видеокөзөмөл коюлду Демөөрчүлүк менен орус тил сабагынан кружоктун ачылышы Окуучулардын ысык тамагына       400,0          8          —          –    
3.Аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү балдарга кошумча жардам көрсөтүү  2000  2  8000  3
  20212022
5.Билим берүү менен камсыз болбогондордун  саны0000
6Жалпы республикалык тестирлөөсүнүн көрсөткүчү (ЖРТ)     70%  
7.Мектептердин фактылык толуусу менен пландык толуусунун ара катышы 2891 +221ла кошумча
8.Билим берүү боюнча республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү жана белек алган окуучулардын саны      1      

Жалпы билим берүү маселесине  байланышкан көйгөйлөр:

  • Лабораториялык приборлордун жоктугу жана көрсөтмө куралдардын жетишсиздиги долбоор жазылып жатат);
  • Балдарды ар тараптан калыптандырып өстүрүүгө багытталган ийримдерди уюштурууга каражаттын жоктугу;
  • Олимпиада, кароо-сынак жана ар кандай спорттук мелдештердин катышуучуларына материалдык колдоого муктаж
  • Кээ бир ата-энелердин балдарынын билим алуусуна шарт түзбөгөндүгү жана мектеп программасын өздөштүрүүгө жардам бербегендиги. Алар үчүн балдарынын билим алуусу маанилүү эмес;
  • Заманбап жабдуулар жана инвентарлардын жетишсиздиги;
  • Видеокөзөмөл орнощтуруу
  • Ашканага идиш-аяктардын жетишсиздиги
  • Эмгек кабинетине кийим тигүүчү машинканын жоктугу

Максат: Сапаттуу билим алууга шарттарды түзүү. Мектепке чейинки билим берүүгө айыл аймагыбыздын жашоочуларынын  90% балдарын тартуу.

Тапшырмалар:

  1. Мектеп окуучуларынын билим тарбия алуулары учун ынгайлуу шарт тузуу менен  материалдык-техникалык абалын  жакшыртуу.
  2. Мектепке чейинки оспурум балдардын  билим тарбия алуулары учун ынгайлуу шарт тузуу менен  материалдык-техникалык абалын  жакшыртуу.
  3. Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүнүн баалуулугу жана маанилүүлүгү жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу
  4. Ата-энелерди, коомчулукту билим берүү мекемелеринин иштерине тартуу жана алар менен тыгыз иш балып баруу;
  5. Мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын коопсуздук деңгээлин жогорулатуу , жер титирөөлөрдөн жана башка табигый кырсыктардан келип чыккан кесепеттери боюнча маалыматтык иш алып баруу.

Күтүлгөн жыйынтыктар/ көрсөткүчтөр

Мектептерде билим алууга шарт түзүлөт.   Аталган оргтехникалар толугу менен алынат. Мектепте билим алууга шарт түзүлөт. Хажир-Абад айылынын  бала бакчасынын жаңы курулуп жаткан заманбап бала бакча толугу менен аяктап, жаңы кошумча 3 тайпалар ачылат, ошондой эле кошумча жумушчу орундары түзүлөт. Мектепке чейинки  өспүрүм балдардын  билим тарбия алуулары учун ынгайлуу шарттар түзүлөт.

1.7     Социалдык коргоо

Айыл аймагыбызда социалдык чөйрөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири – калкты жакырчылыктан чыгаруу болуп эсептелет. Аталган багытта кеңейтилген масштабдагы комплекстүү жумуштар кедейчиликти кыскартуу менен күрөшүүдө калкты социалдык мобилизациялоо жолу менен биргеликте өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдарды тартуу менен аткарылат.

Айыл аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү  55 бала (0-18жашка чейин) каттоодо турат, алардын 25и эркек, 30у кыз.

Аймакта оор турмуштук кырдаалда калган балдардын 5.

Жакырчылыкта жашаган балдардын саны 759 үй бүлөө деп эсептелди.

2021-жылы ар бир кожолуктарды изилдөө иштери жүргүзүлгөндө, аймак боюнча 54 бала- нын ата-энеси миграцияда экендиги аныкталды. 2022-жылы 57 баланын ата-энеси миграцияда экендиги аныкталды. Бул балдар учурда туугандарынын колунда тарбияланууда. Азыркы мезгилде атайын иштелип чыккан графиктин негизинде үйлөрүнө барып байкоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары оор турмуштук кырдаалдагы үй-бүлөлөргө балдарына ар кандай майрамда белек-бечкек берүүгө жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнүп турат.

Социалдык коргоо боюнча көрсөткүчтөр жана чаралар:

 Социалдык коргоо боюнча көрсөткүчтөр жана чаралар:20212022
санысаны
эркекаялэркекаял
1.Жакырчылыктын деңгээли27503756
2.Социалдык жардамдар715615
  эркекаялэркекаял
санысомсанысомсанысомсанысом
1Мүмкүнчүлүгү чектелгендер2030,022204530,02537,5
2Ата энеси миграцияда жүргөн балдар54 45 57 55 

Максат: 2022-2025-жылга чейин  аз камсыз болгон, турмуштук оор кырдаалга кабыл болгон үй бүлөөлөрдү  жана ДМЧ адамдарды коомго социалдаштырууга көмөктөшүү жана адаптация болууга  шарттарды түзүү.

Тапшырмалар:

  1. ДМЧ балдардын билим алуусуна көмөктөшүү.
  2. Калктын аяр катмарларынынын коомго кошулушуна шарт түзүү.
  3. Жакырчылыкты жоюу боюнча жумушчу орундарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.
  4. Калктын аяр катмарларынынын көйгөйлөрүн чечүүгө коомчулуктун жана мамлекеттик бийлик органдарынын көңүлүн буруу.
  5. Иштөөгө жөндөмдүү аялуу топтордогу адамдар үчүн кесиптик окутууну, факультативдик курстарды уюштуруу;
  6. Кирешеси төмөн жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн санариптик социалдык карталарын түзүү.
  7. Жашоо-турмушунун жана иштешинин чектелгендигине ылайык социалдык интеграция аркылуу ДМЧнын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.

Күтүлгөн жыйынтыктар / көрсөткүчтөр

ДМЧ 3 балага жеринде сабак берилет. Жылына 180 аз  камсыз болгон үй бүлөөгө жана катуу оорулуу адамдарга  материалдык жардам берилет. 

2 балага  18 жашка  толгондо жер тилкеси берилет. Өзүн тастыктаган документтерин алууга көмөк көрсөтүлөт. Согушка катышкан ардагерди жана тылда эмгектенгендерди эскерүү боюнча атайын майрамдык иш чара өткөрүлөт. Калктын аяр катмарлары, өзгөчө аялдар боюнча маалымат топтолот жана. Тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына жылына 3 тен кем эмес кат жөнөтүлөт.. Социалдык жактан аярлуу деп табылган 180 адамга материалдык жардам көрсөтүлөт.

5. СЭӨ программасын башкаруу

Мониторинг жана баалоо боюнча топ СЭӨПтүн ишке ашырылуусуна мониторинг жүргүзөт. Квартал сайын ЖӨБ органдарынын кароосуна маалымат жиберип турат.

ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысы СЭӨПтүн аткарылышына жүргүзүлгөн мониторинг жана баалоонун негизинде жарым жылда бир жолу жергиликтүү кеңешке отчет тапшырып турат.

ЖӨБдүн аткаруу органынын башчысы СЭӨПтүн аткарылышына жүргүзүлгөн мониторинг жана баалоонун негизинде жылына бир жолу жергиликтүү жамаатка отчет тапшырып турат.

6.      СЭӨ программасынын бюджети

Жергиликтүү бюджет

Сайдыкум айыл өкмөтү боюнча  кирешелнрдин  бөлүгүнүн 2021-жылдан 2022-жылга салыштырмалуу 12-айдын жыйынтыгы менен  2651,2 миң. сом жогорулады.

Анын ичинен 2022-жылдын 12- айында трансферттердин түшүүсү (мамлекеттик алымдар) -170,9 мин.сомду түздү. Анын ичинен статисттин берилген ыйгарым укуктары; теңдөөчү грант; маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу; муниципалдык, мамлекеттик кызматкерлерге маяна; өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар  болуп эсептелет.

      Агент тарабынан киреше салыгы иш жүзүндө 5609,2 миң.сомду түзөт, ал эми накталай 8408,3 мин.сом жогорулады.

      Патенттин негизиндеги салык жана ыктыярдуу негизиндеги патентөө экө биригип 2022- жылдын 12-айда 483,9 мин. сом  накталай  түзөт.

    Мүлк салыгынын   накталай 1218,0 миң.сом түзөт. Анын ичинен кыймылсыз мүлк салыгы  накталай кирешеси 36,4 миң.сомду, кыймылдуу мүлк салыгы  накталай түшүүлөр 1181,6 миң.сом жогорулады

       Жер салыгы боюнча накталай түшкөн акча каражаты 1065,1 миң.сом түшүп. Анын ичинен короо жай жер тилкесинин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы накталай 388,9 миң.сом түшүп, айыл чарба жерлерин пайдаланган үчүн жер салыгы накталай 676,2 миң.сом түшкөн. Салыктын бул түрү “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 11 мартындагы токтомуна” ылайык айыл чарба жерлери 0 (нөль) пайыз өлчөмүндө белгиленген Чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин “Айыл чарба ишин жүргүзүүчү субъекттерди колдоо чаралары жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. Бул мамлекеттик колдоонун жана стимулдаштыруунун эң натыйжалуу чараларынын бири болуп айылдык өндүрүшчүлөргө саналат.  Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн  жер салыгынын накталай 630,0 миң.сом түшүп,

     Салыктык эмес түшүүлөр  накталай 4891,7 миң.сомго түшкөн. Салыктык түшүүлөрдүн жана салык төлөмдөрүнүн түрлөрү боюнча төмөндөгүлөр менен мүнөздөлөт:

                          2021-2022- жылга карата бюджеттии салыштыруу
 Кирешелердин аталышы2021-жыл  накт2022-жыл нактӨзгөртүү (+,-) 
 Жалпы кирешелер    
 Салык агенти төлөгөн киреше салыгы5710,78408,32697,6 
 Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык0,01012,31012,3 
 Милдетүү патентөө негиздеги салыгы41,45,2-36,2 
 Ыктыярдуу негиздеги патентөө салыгы511,3478,7-32,6 
 Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн-0,236,436,2 
 Жеке адамдардын транспорт каражатына салык1061,11181,6120,5 
 Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы    
 Жер участоктордун салыгы (приусадебный)340,8388,948,1 
 Айыл чарба багытындагы жер салыгы2340,0410,9-1929,1 
 Айыл чарба багытындагы эмес  жер салыгы251,3265,314 
 Сатуудан  түшкөн  салык300,0130,2-169,8 
 Роялти33,50-33,5 
 Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө үчүн25,412,9-12,5 
 Калктуу пунктардагы жерлерден алынуучу акы437,8577,0139,2 
 Жайыт ижарасы үчүн акы287,0280,6-6,4 
 Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы2273,42984,6711,2 
 Таштанды төлөмү 
 Мамлекеттик алымдар 
 Атайын каражаттар540,0865,0325 
 Административдик штрафтар 
 Активдер жана милдеттенмелер 
 Толуктоочу грант (текущая помощь)7377,37206,4-170,9 
 Арак жана ликер-арак ичимдиктери 
 Башка төлөмдөр103,741,4-62,3 
 Кирешелердин жыйынтыгы21634,524285,7+2651,2 
 Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр15206,615419,9+213,3 
 Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду182,5108,8-73,7 
 Коргонуу000 
 Айыл чарбачы000 
 Жайыт комитет160,2182,5+20,3 
 Комуналдык чарба (бюджет жана атайын счет)000 
 Маданият328,4637,8+309,4 
 Билим берүү (бюджет жана атайын счет)6196,97021,2+824,3 
 Социалдык коргоо000 
 Чыгашалар жыйынтыгы22074,623370,2+1295,6 
Кирешелердин аталышы2022-жыл план2023-жыл божомолөзгөртүү (-,+)
Жалпы кирешелер17171,317412,1240,8
Салыктык кирешелер5609,25850,0240,8
Салык аггенти төлөгөн киреше салыгы5609,25850,0240,8
Чакан ишкердиктин субъектилери үчүн бирдиктүү салык0,00,00
Патент негизиндеги салыктар526,0526,00
Милдеттүү патентөө негиздеги салыгы20,020,00
Ыктыярдуу негиздеги патентөө салыгы506,050,60
Мүлккө салык975,0975,00
Кыймылсыз мүлк салыгы25,025,00
Кыймылдуу мүлк салыгы950,0950,00
Жер салыктары2661,42661,40
Жер участоктордун салыгы (приусадебный)340,0340,00
Айыл чарба багытындагы жер салыгы2071,42071,40
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы250,0250,00
Сатуудан түшкөн салык
Роялти
Салыктык эмес кирешелер3505,73505,7 
Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө үчүн310,0310,00
Калктуу пунктардагы жерлердин алынучу акы600,0600,00
Жайыт ижарасы үчүн акы287,2287,20
Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы2275,02275,00
Муниципалдык менчикте турган объектилерден төлөнүүчү ижара акы33,533,50
Таштанды төлөмү
Теңдештирүүчү грант2519,02519,00
Атайын каражаттар1375,01375,00

2023-2025-жылдары 8 багыт боюнча чыгымдар.

Чыгымдарга анализ.

Багыттар боюнча чыгымдар20212022202320242025
фактпландолбоордолбоордолбоор
1Пландоо, башкаруу жана администрациялоо15429,511443,511684,311684,311684,3
2Экономикалык маселелер (жайыт комитет)160,2215,3215,3215,3215,3
3Айлана-чөйрөнү коргоо00000
4Коомдук тартип жана коопсуздук00000
5Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр + (атайын счет)00000
6Эс алуу, маданият жана спорт328,4372,5372,5372,5372,5
7Билим берүү + (атайын счет)6095,75140,05140,05140,05140,0
8Социалдык коргоо00000
Багыттар боюнча чыгымдар212120222023
фактпландолбоор
1Пландоо, башкаруу жана администрациялоо15429,511443,511684,3
2Экономикалык маселелер (жайыт комитет160,2215,3215,3
3Айлана-чөйрөнү коргоо000
4Коомдук тартип жана коопсуздук000
5Турак жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр + (атайын счет)000
6Эс алуу, маданият жана спорт328,4372,5372,5
7Билим берүү + (атайын счет)6095,75140,05140,0
8Социалдык коргоо000
 Баардыгы22013,817171,317412,1

7.                  СЭӨ програм-масына мониторинг жана баалоо жүргүзүү

Мониторингдин жана баалоонун маңызы – программанын жүрүшүн жана аткарылышына көз салуу жана чечим кабыл алуучу адамдар үчүн маалымат берүү.

Мониторинг – бул программаны жүзөгө ашыруунун көрсөткүчтөрүнө (натыйжалуулук индикаторлоруна) көз салуунун үзгүлтүксүз процесси. Мониторингдин жүрүшүндө маселелерди жана иш-чараларды аткаруунун натыйжаларына жана ал маселелер менен иш-чаралардын аткарылышына жумшоолорго көз салынат.

Мониторинг жана баалоо жүргүзүү биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу тарабынан жүргүзүлөт. Бул максатта группа программанын көрсөткүчтөрүнө ылайык өзүнүн планын жана графигин иштеп чыгат.

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу планынын жана графигинин негизинде программа мониторинг жасап, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына квартал сайын маалымат берип турат.

8.      Тиркемелер

      СЭӨ программасын ишке ашыруу боюнча аракеттер Планы

      МжБ планы

      Учурдагы кырдаалга жасалган анализ боюнча отчеттор.

      Калктын муктаждыктарын аныктоо боюнча (ЖМБА) иш-чаралардын отчеттору

      Жумушчу топтун курамы жана планы